• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жапаров Путинге көңүл айтты

26 Жетинин айы 20219:14 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге Кемерово облусундагы «Листвяжная» шахтасында болгон кырсыктын кесепетинен шахтерлордун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«Россия Федерациясынын Кемерово облусундагы «Листвяжная» шахтасында болгон авариядан улам шахтерлордун каза болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды терең өкүнүч менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бул кырсыктан жапа чеккендердин бардыгынын тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Количество просмотров: 632