• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапаров Рас-Аль-Хайма эмиратынын башкаруучусу менен жолукту

16 Бирдин айы 2023 9:07 Бишкек Govori.TV

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Дубай шаарында өткөн Бүткүл Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышуусунун алкагында Рас-Аль-Хайма эииратынын башкаруучусу шейх Сауд бин Сакр Аль Касими менен жолукту.

Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасы Бириккен Араб Эмираттары менен түрдүү тармактарда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана андан ары чыңдоого терең кызыкдар экенин белгиледи.

Рас-Аль-Хайманын башкаруучусу шейх Сауд бин Сакр Аль Касими өз кезегинде эки тарапты кызыктырган тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Рас-Аль-Хайманын ортосундагы органикалык айыл чарба продукциясын экспорттоо, туризм жана тоо-кен тармактары боюнча кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Количество просмотров: 42