• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жапаров Россия президентинин администрация жетекчисинин орун басары Козакты кабыл алды

21 Кулжа 202111:07 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козакты кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз-россия эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечектүү багыттары, ошондой эле КР президенти Садыр Жапаровдун ушул жылдын 24-майында Сочи шаарында РФ президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушууда тараптардын коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча көрүп жаткан чараларды, анын ичинде өлкөгө Россия вакцинасын жеткирүү маселеси да талкууланды.

Количество просмотров: 274