• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жапаров Россияга аба каттамдардын саны менен авиабилеттердин баасын өзү жеке көзөмөлдөөрүн айтты

2 Чын куран 2021 18:49 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына Орусияга үзгүлтүксүз аба каттамдардын саны менен авиабилеттердин баасына байланышкан кырдаалды жеке көзөмөлүнө алганын жазды. Ал маселе татаал экенин белгилеп, бирок жагдайдан чыгуу үчүн аракеттер болуп жатканын билдирди.

“Орусияга иштеп келүүгө жол таба албай жаткан жарандарыбыз үчүн бул канчалык маанилүү экенин билип турам. Мекендештерибиз чет өлкөлөргө жумуш издеп кетпеши үчүн биз колдон келгендин бардыгын жасап жатабыз. Ипотека боюнча иш-пландар даярдалып жатат. Турак-жайы жок жарандарыбызды үй менен толук камсыз кылабыз деген аруу тилектерибиз бар. Биз сөзсүз түрдө буга жетебиз”, — деп айтылат Жапаровдун билдирүүсүндө.

Анда Орусияга аба каттамдардын санын көбөйтүү, авиабилеттердин баасын төмөндөтүү жана темир жол каттамын жандандыруу аракети болуп жатканы да белгиленген.

«Аба каттамдардын санын көбөйтүүгө, авиабилеттердин баасын төмөндөтүүгө жана темир жол каттамын жандандырууга аракет кылып жатабыз. Бирок бул маселе Казакстан менен Россиядан көз каранды.
Казахстандын өкмөтү транзитти жандандырууга бүгүн макулдугун берди.
Эми Россия тараптын жообун күтөбүз.

Кыргызстандан Россияга аба каттамдарын көбөйтөлү десе, Кыргыз бийлиги каршы болуп жатат деген чагымчылдардын сөзүнө ишенбегиле!
Тескерисинче көптөн бери Россия тараптан чартердик рейсттерди көбөйтөлү деп суранып келе жатабыз. Маселе бизде эмес.

Албетте баардык проблема коронавируска дагы байланыштуу болуп жатат», деп жазылат өлкө башчынын кайрылуусунда. .

Количество просмотров: 447