• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Жапаров: Үрп-адатыбызга туура келбеген маалыматтарды чектешибиз керек

27 Бирдин айы 2024 16:15 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров социалдык тармакта кыргыздын улуттук салтына, үрп-адатына туура келбеген маалыматтарды чектөө керектигин айтты.

Жапаров бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин коллегиясында билдирип, министрлик бул жаатта иш алып баруусу керектигин белгиледи.

«Кайната-кайнени сыйлабаган келинди, соцтармакка чыгып алып атасынын кадыр-баркы менен мактанып, бөлөк бирөөнүн үйүнө барып келин болуп, кызмат өтөп, байбиче болгондун ордуна ажырашып кеткендерди үлгү катары көрбөшүбүз керек. Алардын баары соцтармакка чыкканы уят. Аталарыбыз, кайнаталар «шортычан жүрбөгүлө» деп үйрөтчү. Ошол сыңары, келиндер да жоолукту чечпегиле. Баарын түз багыттай турган, Маданият министрлиги, силерсиңер, мониторинг кылыңыздар», — деди Жапаров.

Количество просмотров: 138