Парламент 1-январда күчүнө кирчү сүйүнчү мыйзамын кайра карап көрүүнү сунуштоодо. Мындай сунуш менен бүгүн тармактык комитеттин жыйынында депутат Акылбек Жапаров чыкты.
Документ боюнча бала төрөлгөн учурда 4 миң сом жана үч жашка чыкканча ай сайын 700 сомдон ар бир үй-бүлө шартына карабастан алмак.
Андан тышкары мыйзамда үч же андан көп балалууларга үчүнчү баласынан баштап жөлөк пул берүү каралган.
“Сүйүнчү кала берсин, 1-январдан кийин алышат. Бюджетте буга акча каралган, маселе жаралбайт, ал эми калган төлөмдөрдүн барын карап чыгуу керек. Ошондуктан азыркы мыйзамды кийинки жылдын 1-сентябрына чейин күчүндө калтыруу керек”,-деди ал.
“Биз ким жардамга муктаж болсо алардан алып, киреше булагына карабастан барына таратып берип салдык”,-дейт Жапаров