Кыргызстанда 6 миллиард доллар салык чогултса болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров бүгүн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө 2 миллиарддын тегерегинде гана салык чогултулуп, салык төккөндү үйрөнө албай жатабыз.
Эл өкүлү өнүккөн өлкөлөрдү мисал кылып, Кыргызстандан андай система жок болгондуктан, көмүскө экономикага негиз түзүлүп, экономика туура башкарылбай жатканын кошумчалады.