• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жапаров селден жабыркагандарга керектүү жардам көрсөтүүнү тапшырды

23 Чын куран 2024 14:05 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарында катуу жааган жаандан катталган селдин кесепеттеринен жабыркагандарга керектүү жардам көрсөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдири.

Белгилей кетсек, акыркы күндөрү жааган жамгырдан улам Кыргызстандын бир катар аймактарынын бир нече айылдарында сел жүрдү. Айрым кооптуу делген айылдардан жергиликтүү тургундар убактылуу көчүрүлүп кетүүдө.

«Селдин кесепетинен турак-жайлар, короо жайларга зыян келтирилген учурлар бар, бирок бул масштабдуу мүнөзгө ээ эмес.

Башкача айтканда, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Транспорт жана коммуникация министрлиги жана башка мамлекеттик түзүмдөрдө селдин кесепеттерин жойууга күчү, техникалык каражаттары жетиштүү.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, селдин жүрүшүнөн келтирилген зыяндын көлөмү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан такталып чыккан соң жарандарга тийиштүү жардам көрсөтүлөт», — деп кошумчалады ал.

Количество просмотров: 57