• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапаров: Сергей Лавров мыйзамды окубай туруп эле сүйлөп атса керек

24 Теке 2023 11:35 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агенттигине кезектеги кыскача маегин куруп, акыркы учурдагы коомдо актуалдуу болуп жаткан окуялардын айланасындагы суроолорго жооп берген.

Алардын катарында президент Жапаров Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанда жакында эле кабыл алынган кыргыз тили жөнүндө мыйзамга байланыштуу пикирин боюнча өз оюн айткан.

«Сергей Лавров мыйзамды окубай туруп эле сүйлөп атса керек. Ал мыйзамда орус тили дискриминация болсун деген түшүнүк жок. Тескерисинче орус тили расмий тил катары колдонулат деп турат. Бул норма баш мыйзамда да бар. Бул нормалар кала берет. Мугалимдер менен врачтарга тиешеси жок. Элестетиңиз, мектепке орус улутундагы орус тил мугалимин алып атабыз дейли. Анан аны “сен кыргызча билбейт экенсиң” деп кызматка албай коебузбу? Бизге кыргыз тили кандай керек болсо орус тили дагы ошондой керек. Анткени КМШ өлкөлөрү менен орус тилсиз иштей албайсың. Кытай, араб өлкөлөрүнө, ошол эле Европа өлкөлөрүнө барганда дагы орус тилинде сүйлөшүп атпайбызбы. Бул жерде биз өз тилибизди да толук өздөштүрөлү деп атабыз да. Мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын сүйлөгөндөрүн байкасаңар. Жарымы орусча, жарымы кыргызча. Эч бирибиз же толук орусча сүйлөбөйбүз же толук кыргызча сүйлөбөйбүз. Аралаштырып урдуруп кете беребиз.

Ошондуктан эки тилди тең бирдей өздөштүрөлү. Керек болсо англис, француз, кытай тилин да үйрөнөлү. Канчалык көп тил билсен ошончолук өзүңө жакшы эмеспи», — деди президент.

Количество просмотров: 187