• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жапаров: Шайлоодо добушун саткан жана сатып алган жарандар жазаланат

15 Жетинин айы 2021 17:11 Бишкек Govori.TV

«Ар бири өз өлкөсүнүн патриоту катары аракеттенип, шайлоодо ак ниеттик менен добуш берүүсү маанилүү», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда ТЭЦ – 2 жанында пайда болгон конуштун тургундары менен баарлашуу учурунда.

Садыр Жапаров элди, анын ичинде аталган конуштун жашоочуларын дагы бир жолу шайлоолордо ак ниет, жигердүү болуп жана өз добуштарын сатпоого чакырып, шайлоодо добушун саткан жана сатып алган жарандар жоопкерчиликке тартыларын эске салды.

Анын айтымында, тажырыйба көрсөткөндөй, ушундай ыкма гана бул сыяктуу мыйзам бузууларды токтото алат. Антпесе, көпчүлүк акчага азгырылып, добуштарды сатып алууга же сатууга барууга даяр.

«Өткөн шайлоолордо бардыгы тескерисинче болгон. Добуштар сатылып жана сатылып алынган, административдик ресурс колдонулган, жергиликтүү жетекчилерди, дарыгер, мугалимдерди “чуркоого” мажбурлашкан. Азыр эми биз тескерисинче кылып атабыз, мындай фактылар аныкталса, күнөлүүлөр кызматынан алынат. Мисалы, мындай фактылар үчүн бир катар жетекчилер кызматтан кетишти», — деп кошумчалады Мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров мындан ары мындай болбой турганына көңүл буруп, таза эмес шайлоо деген түшүнүк жоюларына басым жасады.

Количество просмотров: 298