• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жапаров ШКУ мамлекет башчыларынын Кеңешинин саммитине онлайн форматта катышат

4 Теке 2023 9:10 Бишкек Govori.TV

Прзидент Садыр Жапаров бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги 23-саммитинин ишине катышат, ал видеоконференц-байланыш форматында өтөт.

Индиянын төрагалыгы алдында өтө турган ШКУнун бул саммитинин ишине ШКУга мүчө мамлекеттердин: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Иран Ислам Республикасынын, Беларустун, Монголиянын башчылары катышат.

Мындан тышкары, иш-чарага алты эл аралык жана регионалдык уюмдардын жетекчилери катышат: БУУ, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин Ассоциациясы (АСЕАН), КМШ, Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюму (ЖККУ), Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмелер (СВМД).

Саммитте Иран Ислам Республикасы ШКУга толук кандуу мүчө мамлекет макамын алары белгиленет.

Ошону менен бирге саммиттин алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Нью-Дели декларациясына кол коюлат, терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге алып баруучу радикалдашууга каршы аракеттенүү жөнүндө ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин билдирүүсү, 2030-жылга чейинки мезгилге ШКУну экономикалык өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө чечим, ШКУга мүчө мамлекеттердин транспортту декарбонизациялоо, жогорку натыйжалуулукка жана туруктуулукка жетишүү үчүн санариптик трансформацияны жана инновациялык технологияларды илгерилетүү боюнча кызматташуу концепциясын бекитүү жөнүндө, ошондой эле бир катар башка документтер кабыл алынат.

Эскерте кетсек, ШКУнун 22-саммити 2022-жылдын сентябрь айында Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында көзмө-көз форматта өткөн.

Количество просмотров: 54