• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров статс-катчыларды иштен бошотту (Тизме)

15 Жетинин айы 2021 16:07 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров министрлик жана ведомстволордун статс-катчыларын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечимге кол койду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган чечим «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргендигине байланыштуу кабыл алынган.

Буга байланыштуу төмөндөгүлөр ээлеген кызматынан бошотулду:

Акмолдоев Айбек Кудайбергенович — Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы;;

Алишеров Нурдин Куванычбекович — Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы;

Бардинова Нуржан Арзыкуловна — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;

Бопушева Жылдыз Жоробековна — Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин статс-катчысы;

Борубаев Самат Нарматович — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;;

Кененбаев Чынгыз Токтобекович — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы;

Мамбетов Азамат Муратович — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы;

Мамыров Кутман Омурзакович — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;

Мойдинов Исламбек Жанышович — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын статс-катчысы;

Сагымбаев Абдисамат Акимович — ыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы;

Секимов Бактыбек Шайыкбекович — Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин статс-катчысы;

Шадыханов Калысбек Токтосунович — Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы;

Шамшиев Абдухалык Абдулхаевич — Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы.

Количество просмотров: 7584