Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацынын негизинде Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 28-октябрдагы жалпы жыйынында социалдык маселелер боюнча вице-премьерликке Элвира Сурабалдиеванын талапкерлиги жактырылган.
Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты Сурабалдиева мандатын тапшырганы 27-октябрда белгилүү болгон.