• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Жапаров Түркиянын вице-президенти менен жолугушту

13 Тогуздун айы 2022 10:58 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Анкара шаарына (Түркия Республикасы) жумушчу сапарынын алкагында Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту. 

Президенттик комплексте өткөн жолугушууда тараптар эки тараптуу, кызматташунун, анын ичинде экономика жана соода тармагындагы кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашты. 

Тараптар эки мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн учурдагы өнөктөштүк механизмдерин мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашышты. 

Жолугушууда ошондой эле түрк тилдүү маданияттын жалпы тарыхый символу болуп калган Изник шаарында (Түркия Республикасы) өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы да талкууланды.

Количество просмотров: 57