• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров талкууга алынган «Манастын уулу Семетей» тасмасы тууралуу үн катты

13 Баш оона 2021 15:12 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров учурда тартылып жаткан «Манастын уулу Семетей» тасмасы тууралуу соцтармактагы баракчасы аркылуу үн катты.

«Урматтуу мекендештер! «Манастын уулу Семетей» көркөм тасмасынын тартылып жаткандыгы боюнча билдирүү берип коёюн деп чечтим. Анткени менин атым да аталып жатат. Тасма тарта турган Өмүрзак мырза менин кабыл алуумда болгону анык, фильм жаратам деген идеясын айткан. Иштейм деген жараныбызды иштебе деп кантип тыям? Бирок ошол эле мезгилде «Бул жөнөкөй тема эмес. Ошондуктан тасманы тартып бүткөндөн кийин манасчыларды, ак сакал, көк сакалдарды, тарыхчыларды, кыскасы, өнөр адамдарынын баарын бир залга чогултуп алып биринчи көрүп чыгалы. Кемчиликтери болсо толукташсын, аша чапкан жери болсо алып салышсын. Андан кийин анан чыгарасыз. Болбосо чыгарбайсыз» деген шарт койгом», — деп жазган ал.

Эске салсак, Кыргызстанда учурда «Манастын уулу Семетей» тасмасынын съемкалары жүрүп жатат. Фильмдин продюсеринин айтымында, кино Кыргыз эл жазуучусу Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей» пьесасы жана «Семетей» эпосунун негизинде тартылууда. Ал эми айрым манасчылар фильмдин сценарийи эпостун текстине жана Жалил Сыдыковдун пьесасына дал келбейт жатканын айтып чыгышкан.

Количество просмотров: 480