• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров: Ташиев экөөбүздү уруштуруп, ажыраштырабыз деген күчтөр бар

4 Жетинин айы 2020 17:59 Бишкек Govori.TV

Камчыбек Ташиев экөөбүздү уруштуруп, ажыраштырып, достугун бузсак бийликке жетебиз деген күчтөр бар. Бул тууралуу Садыр Жапаров «Регион» телеканалына Ташиевдин социалдык баракчасындагы «Садырды камайм» деп жазылган убадасы боюнча оюн айтып жатып.

«Камчыбек Ташиевдин жеке баракчасына кирип, ошентип жазып, 15 мүнөттөн кийин чыгып кетиптир. Аны кайсы баракчадан киргенин таап алса болот. Бирок менин ага убактым жок. Мен көрүп эле күлүп «койдум хакерлер бузуп кирип туруп, жазып чыгып кетсе керек» деп. Эртеси Камчыбек Ташиев келди. Карасак 15 мүнөт кирип, анан чыгып кетиптир. Биздин мамиле жакшы. Экөөбүздү уруштуруп, ажыраштырып бузсак бийликке жетебиз деген күчтөр бар. Биздин башыбыздан далай нерселер өткөн, 15 жылдан бери бири-бирибизди жакшы билебиз. Мындайларга моюн бербейбиз», — деди ал.

Количество просмотров: 102