• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жапаров, Ташиев менен таанышмын деп кызмат саткан адам кармалды

5 Жалган куран 2021 13:36 Бишкек Govori.TV

УКМК мамлекеттик кызматтан жетекчилик орун убада кылып, пара алып жаткан шектүүнү колго түшүрдү. Бул тууралуу атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Шектүү башкаларды президентке жана УКМК башчысына жакын киши экенин айтып ишендирген.

“Кармалган адам президент жана УКМК башчысы менен жакын тааныштыгы бар экенин айтып, А.Б.А. аттуу жаранды 15 миң долларга мамлекеттик кызматтагы жетекчи орунга дайындоону убада кылган. Бул үчүн андан алдын ала 1 000 доллар аванс алган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») менен иш козголду.

Количество просмотров: 217