• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жапаров: Текебаев, Отунбаевалар көчөдө “сайрабай”, сунуштарын беришсин

24 Жетинин айы 2020 9:33 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаров 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарылган Конституциянын долбоорун «10 жылдан бери талкууланып келе жаткан документ» деп атады. Бул тууралуу ал 23-ноябрда “Жетинчи каналга” курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, коомдогу талкуулардан соң Конституциялык кеңешме түзүү чечими кабыл алынды.

“Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнө бул долбоорду зордоп, “бүгүн-эртең кабыл ал” деп жаткан эч ким жок, элдин талкуусуна койгула деп айтар элем. Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келбесе, түшкөн сунуштарды кабыл алыш керек. Ошол эле Текебаев, Отунбаевалар көчөдө “сайрабай”, ошол жакка барып сунуштарын беришсин. Мен парламентке башка сунушту айтар элем. Жогорку Кеңешке, былтыр болсо керек эле, Курманкул Зулушев деген депутатыбыз “парламенттик башкарууну каалайсыңбы, же президенттик башкарууну каалайсыңбы?” деген суроону референдумга чыгарууну сунуштаган. Мен ошол мыйзам долбоорун депутаттар алып чыгып, президенттик шайлоодо элдин алдында койсо деп суранат элем”, — деп С.Жапаров билдирди.

Садыр Жапаров референдумда экинчи маселе катары парламенттин түзүмү боюнча суроону кошуу зарыл, мындан соң Баш мыйзамды кабыл алса болот, деп кошумчалады

Ал 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамды “хандык башкарууга жол ачкан” укуктук механизм катары сынга алды.

Количество просмотров: 167