• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жапаров «Текебаевге кол салуунун артында бийлик турат” деген сөздөргө жооп берди

3 Бештин айы 2021 12:13 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Текебаевге кол салуунун артында бийлик турат” деген сөздөрдү четке какты. Бул тууралуу ал «aryba.kg» сайтына курган маегинде билдирди.

“Логика деген бар Аслан иним. БШКдагы ызы-чуу басылбай жатса, дагы бир көйгөйдүн мага эмне кереги бар эле? Андан сырткары бүткүл дүйнөлүк коомчулук ушул убакта биздин ар бир кыймыл аракетибизге байкоо салып турат. Анан ушундай иш жасап жапайычылыкка барыш үчүн эси жок адам болушуң керек. Кудай сактасын, ар бир ишти жети өлчөп, бир кескен адамдарданбыз. Андай кадамдарга барбайбыз.

Текебаевди сабап, телефонун алып кетишкендер жөнөкөй эле карапайым балдар болуп чыгышты. Көп өтпөй муштаган бала кармалды. Камакка алынды. Текебаевдин телефону кайтарылды. “Жөн гана Текебаевге жинибиз келип, “сен тажаттың” деп митингден кубалаганы келген элек” деп көрсөтмө берип жатышат. Биз башында окуя болор замат «Текебаев өзү атайын уюштуруп жаткан жокпу?” деп ойлодук эле. Текебаев болсо “бийликтин заказы” деп чыкты. Бирок эки жактын тең тиешеси жок, жөн гана жек көрүүдөн улам “митингден кубалайбыз” деп келишкен тентектер болуп чыкты”, — деген Жапаров.

Эске салсак, Текебаевге 1-декабрда Бишкекте албууттанган топ кол салып, уюк телефону менен көз айнегин алып кеткен.

Текебаев муну өзүнүн ишмердиги жана шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырган. Ал Бишкектин Биринчи май райондук Ички иштер бөлүмүнө арыз жазып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

2-декабрга караган түнү кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Милиция шектүү жаран өз каалоосу менен Текебаевдин телефонун тартип сакчыларына тапшырганын билдирди.

Количество просмотров: 809