• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жапаров темир жолчуларды куттуктады

4 Баш оона 2023 9:50 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров темир жол тармагынын кызматкерлерин келе жаткан кесиптик майрамы – өлкөнүн Темир жолчулар күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу темир жол тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Темир жол тармагы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн жана социалдык туруктуулугунун негиздеринин бири болуп саналат.

Мамлекеттин негизги транспорттук артерияларынын бири болуп эсептелген бул тармактын ийгиликтүү ишмердигинен жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу менен ыңгайлуулугу эле эмес, экономиканын бардык тармактарынын ырааттуу өнүгүшү да көз каранды.

Сиздердин кесипкөй ишмердигиңиздер аркылуу Кыргыз Республикасынын соода байланыштары кеңеет, өлкө туризмин өнүктүрүүгө жана мамлекеттер аралык маданият алмашууга өбөлгө болот.

Темир жол түзүмүнүн үзгүлтүксүз иштеши үчүн көп адамдардын эмгеги талап кылынат. Бул кесипти аркалагандардын иши мүнөзү боюнча бири-биринен абдан айырмаланат: бири оор жумуштарда иштөөгө туура келсе, экинчиси кырдаалга жараша ыкчам реакция кылышы шарт, үчүнчүсүнүн болсо техникалык терең билими болушу керек.

Бирок алардын баары – диспетчерлер, инженерлер, коштоп жүрүүчүлөр, ремонттоочу усталар жана башкалар темир жол тармагындагы көрүнбөгөн фронттун каармандары болуп саналат.

“Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасынын жалпы эмгек жамаатынын ишке болгон өзгөчө мамилесинин натыйжасы көрүнүп турат.

Тармактагы солгундап туруп калган иш ордунан жылып, ырааттуу өнүгүүгө багыт алды. Поезддин вагондору оңдоп-түзөөдөн өтүп, модернизацияланууда жана жаңылары алынууда. Жүргүнчүлөргө заманбап шарттар түзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө мамлекет темир жол транспортунун инфратүзүмүн өнүктүрүүгө олуттуу мамиле жасап, тиешелүү каражаттарды бөлүп келет. Мындай аракет өлкөнүн өнүгүүсү үчүн кубаттуу түрткү болуп саналат, мамлекеттин өнөр жай жана технологиялык дараметин чыңдоого өбөлгө болот.

Өткөн жылдын жазында өлкөдө биринчи жолу темир жол кура баштадык. Бул “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече” темир жолунун курулушунун башталышы чындыгында темир жол тармагыбыздын калыптанышында маанилүү окуя болуп калды.

Азыркы учурда Кыргызстан транзиттик жүк ташуулардын натыйжалуу системасын түзүп жатат. Үстүбүздөгү жылы бизге Борбор Азиянын логистикалык хабы болууга жана дүйнөлүк рынокко интеграцияланууга мүмкүндүк берет турган “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу” амбициялуу долбоорун ишке ашырууга кадам ташталды.

Мындай кылым долбоорун ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн бардык күч-аракетти жумшоо стратегиялык жактан өтө маанилүү.

Даңктуу эмгек жолунда топтолгон тажрыйба, мамлекеттик олуттуу колдоо асыл максаттарга жетүүгө дем берет. Бүгүнкү күндөгү кесипкөй муун бул тармакты мындан да жогорку деңгээлге көтөрөт деп ишенем.

Сиздерге ар дайым шыктанууну жана өз кесибиңиздер менен сыймыктанууну каалайм. Ар күнүңүздөрдө албан-албан жетишкендиктер болсун.

Ар бир аракетиңиздерди семафордун жашыл жарыгы коштосун!

Сиздерди дагы бир жолу Темир жолчулар күнү менен куттуктаймын!”.

Количество просмотров: 66