• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров: «Транспорт жана жолдор министри кызматтан кетиши керек»

10 Бештин айы 2018 15:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.12.2018. Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев алган турган пара тууралуу оюн билдирди.  Анын айтымында мындай жагдай болгон учурда министр өзүдагы кызматтан кетиши керек.

 “Мен дагы 5 жылминистр болуп иштедим. Менин оюм боюнча эгерде ушундай жат көрүнүштөр боло турган болсо, маралдык дагы мыйзамдар бар да, сөзсүз түрдө эле сот менен кимкүнөлүү экенин тактап чыгарбай, маралдык жагынан министр кызматтан кетиши керек”,-дейтЖапаров.

Эске салсак, 5-декабрь күнү Транспорт жана жолдор министринин Азимкан Жусубалиев аттуу орун басары 50 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

Кошумчалай кетсек, чет элдик компанияга тендерди алыпберүү үчүн 520 миң АКШ долларын ала турган болгон. Анын 120 миңин буга чейин бир туугандарынын ортомчулугунда компаниянын өкүлдөрүнөн алган. Калган сумманыалдыдагы апталарда алмак.

Количество просмотров: 12