Бүгүн, 4-апрелде президент Садыр Жапаров түз эфирде элге маанилүү кайрылуу жасап, «Центерра» кыргыз тарапка канча каражат төлөп бере турганын айтты.
Анын айтымында, «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын 100% акциясы өлкөгө тиешелүү болду.
«Биз кенди өткөн жылдын май айында ага тышкы башкарууну киргизген күндөн тартып эсептелишине жетиштик. Демек, 2021-жылдын 15-майынан берки бардык таза кирешелер – тагыраак айтканда, 323 миллион АКШ долларынан ашык каражат биздин менчик экендигин расмий түрдө таанытканга мажбурладык. Мындан тышкары, «Центерра» бизге өткөн жылдын үч кварталы үчүн дивиденддерди төлөп бермей болду — анын көлөмү болжол менен 11 млн АКШ долларын түзөт. Дагы бир жетишкендик – «Центерра» кыргыз тарапка 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү да төлөп берет. Буга да жетиштик. Биз «Кумтөр» кенин рекультивациялоо фондуна карата көзөмөлдү толук өзүбүзгө кайтарып алдык — бизге 53 млн доллар келет. Бул каражат мурда Лондон банкынын трасттык эсебинде сакталып келген. «Центерра» 2021-жылдын май айындагы алып кете албай калган алтындын партиясы үчүн 29 млн долларды төлөп берүү боюнча койгон талабынан баш тартты. «Центерра» АКШда, Швецияда жана Канадада кыргыз тарапка каршы козголгон бардык соттук териштирүүлөрдү жана дооматтарды токтотмой болду. Ал эми «Кыргызалтын» ачык акционердик коому «Центеррадагы» 26% үлүшүн өзүнө өткөрүп алат. Ошол эле учурда «Центерра» аталган акциялар пакетине укуктарды өткөрүп берүүгө байланыштуу Канаданын мыйзамдарына ылайык, бардык салык төлөмдөрүн өз эсебинен жабат. Биз, кыргыз тарап дагы «Центеррага» каршы козголгон бардык соттук жана башка иштерди, дооматтарды токтотобуз. Ушундай шарттарды макулдашууга жетишүү оңой-олтоң болгон жок, анын ар бир пункту боюнча чечим кабыл алуу бир жылга жакын убактыбызды алды»,-деди Жапаров.