• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров: Туугандарым саясатка аралашпайт

23 Тогуздун айы 2021 14:59 Бишкек Govori.TV

Менин үй-билөм, бир туугандарым саясатка аралашпайт.Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Бул боюнча президент жакындарына катуу талап койгонун белгиледи.

«Дастан Бекешев: «сиздин балаңызга шайлоо алдында депутаттар менен саясатчылар барып жолугуп жатыптыр» деп айтып чыккандан кийин дароо сурагам. Биздин менталитет ушундай, бийликте турган адамдардын жакындарына барып колдоп бербейсиңби, партияны баштап бар деп сунуш кыла беришет. Мен эч кандай партияга аралашпайсың деп тыюу салгам. Аралашса айткыла, мен аны артка кайтарам», — деди Садыр Жапаров.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда басма сөз жыйынын өткөрүп жатат. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан маалымат жыйынга 150 журналист каттоодон өткөн.

Количество просмотров: 337