• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жапаров УКМКдан жабыр тарттым деген ишкерлердин арыздары караларын айтты

11 Жалган куран 202612:12 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеӊештин депутаты Элвира Сурабалдиева 11-мартта парламенттин президент Садыр Жапаров катышкан жыйынында мурда-кийин ар кандай кылмыш иштери менен кармалган ишкерлер боюнча маселе көтөрдү. Ал бирок бизнесмендер укук коргоо органдарына арыз жазуудан чочулап жатышканын билдирди.

Эл өкүлүнүн суроосуна жооп берип жатып, президент Садыр Жапаров ишкерлерге кылмыш ишин козгоо боюнча Башкы прокуратура, ИИМ жана УКМК жетекчилигине арыздар түшсө, аларды калыс жана адилеттүү текшерүү тапшырмасы берилгенин айтты.

Мамлекет башчысы мүлктөрдү мыйзамсыз тартып алуу фактылары боюнча атайын иликтөөлөр жүрөрүн кошумчалады.

“Мүлктөрдүн жарымын УКМК кызматкерлери өздөрүнө алып, калганын мамлекетке өткөргөнү тууралуу маалыматтарды иликтеп чыгууну тапшырдым. Кимде-ким мүлктүн жарымын чөнтөгүнө салып алган болсо, аны кайра кайтартып, мамлекетке өткөргүлө дедим. Ошондой эле, кимдир бирөөнүн атын жамынып алып, акчасын, үй-мүлкүн же бизнесин тартып алгандар болсо, ээсине кайтарып берүү талабын койдум. Азыр бул багытта иштер жүрүп жатат”, — деп билдирди Садыр Жапаров.

Количество просмотров: 157