• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров: «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингин каржылоо токтоду

24 Жетинин айы 2022 15:07 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингин каржылоо токтотулганын кабарлады. Бул тууралуу ал бүгүн 24-ноябрдагы жыйынында депутат Кундузбек Сулаймановдун суроосуна жооп берип жатып айтты.

«Биз «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингин каржылоого 3 млрд 400 млн сом караштырганбыз. Он чакты долбоордун үстүндө иштеп жаткан. Бүгүнкү күнү Тенгиз мырзанын (Тенгиз Бөлтүрүк) кылмыш иштери козголуп, кармалганы үчүн биз финансылык каржылоону токтоттук. Акчанын баарын бюджетке алып жатабыз» , — деди Акылбек Жапаров.

Количество просмотров: 319