• Дүйшөмбү 15 Чын куран 2024
  • Понедельник 15 Апрель 2024

Жапаров Венгриянын президентине куттуктоо жолдоду

28 Бирдин айы 2024 16:37 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Тамаш Шуйокту Венгриянын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

«Сизди Венгриянын президентинин жогорку кызматына шайланышыңыз менен чын дилимден куттуктайм. Венгриянын элинин бакубаттуулугун камсыз кылууга багытталган мамлекеттик ишиңиз ийгиликтүү боло берсин. Сиз Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого өзгөчө көңүл бурасыз деп тереӊ ишенем. Эки тараптуу мамилелерди Сиз менен бирге андан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экенимди билдирем. Сизге бекем ден соолук, бакты-таалай жана чоң ийгиликтерди каалайм», — деп айтылат президент Садыр Жапаровдун куттуктоо катында.

Количество просмотров: 69