• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Жапаров Военно-Антоновка айылынын тургундарын кабыл алды

14 Кулжа 2022 13:14 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жерлерди трансформациялоо маселеси менен келген Чүй облусунун Военно-Антоновка айылынын тургундарын кабыл алды. 

Жыйындын жүрүшүндө белгилүү болгондой, жарандар жерге мунапыс берүү жөнүндө жободо белгиленген мөөнөттөргө нааразы, ага ылайык, жер участогуна болгон менчик маселелерин чечүү үчүн 3 ай убакыт керектелет. 

Министрлер кабинетинин төрагасы жарандардын пикирин жана нааразычылыгын угуп, Айыл чарба министрлигине жер тилкелерине документтерди белгилөө мөөнөтүн кыскартуу бөлүгүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү тапшырды. 

«Эл бекерчиликтен митингге чыкпайт. Бул жергиликтүү бийлик органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын аракетсиздигинен улам келип чыгат. Бирок биз ар дайым элдин үнүн угуп, элдин нааразычылыгын жаратпай турган чечимдерди кабыл алабыз», — деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле ал жер амнистиясына түшкөн жер тилкелерине үй курууга укук белгилөөчү документтерди алуу механизмин жөнөкөйлөштүрүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Количество просмотров: 62