• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров ырайым берүү боюнча комиссиянын катчысынын кармалышына комментарий берди

23 Тогуздун айы 2021 13:06 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров конференциянын жүрүшүндө президенттин администрациясынын ырайым берүү боюнча комиссиясынын катчысынын кармалышы боюнча абалга комментарий берди.

Анын айтымында, аталган кызматкердин пара талап кылып атканы боюнча маалымат 2021-жылдын жазында эле түшкөн.

«Ошондо мен аны чакырып алып, ал менен түшундүрүү түшүндүрүү иштерин жүргүздүм. Бирок, ал адам мени укпай, эми минтип тиешелүү жазасын алып отурат», — деди ал.

Мамлекет башчысы ошондой эле журналисттерге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – санариптик өнүктүрүү министринин өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылгандыгы үчүн кармалышы боюнча кырдаалды эскертти.

«Мен коррупцияга жол бербейм жана ээлеген кызматына карабай мыйзам алдында жооп берет», — деди президент.

Белгилей кетсек, учурда Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйыны өтүп жатат.

Количество просмотров: 243