Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 26-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиялык жыйынында өкмөттүн аткарып жаткан иштери боюнча маалымат берип, төмөндөгүлөргө токтолду.
«Садыр Нургожоевич келгенден бери экономика тармагына мени, тартип жагына болсо Камчыбек Кыдыршаевичти койгон. Былтыр Ормон хандын 230 жылдыгын өткөрүп жаткан учурда Зайнидин деген аксакал комуз чертип, «камчылай турган жерге Камчыны, акыл-эс керек жерге Акылды койдуңуз» деп айтты. Азыр президент келинчегин, шопурун, туугандарын аралаштырбай, кесипкөйлөрдү коюп койду эле орду-орду менен бара жатабыз»,-деди Жапаров.