• Жекшемби 19 Теке 2026
  • Воскресенье 19 Июль 2026

Жапаров «Жаңы кадам» жалпы республикалык кеңешмеге катышат

22 Бугу 20249:51 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда «Жаңы кадам» социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеге катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага «Социалдык контракт» программасынын мыкты катышуучулары, ошондой эле өз демилгеси менен өз жамааттарын өнүктүрүүгө инвестиция салган жарандар чогулат.

«Социалдык контракт» программасы муктаж үй-бүлөлөргө колдоо механизми катары президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ашырылууда.

Иш-чара УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Количество просмотров: 56