• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жапаров Жалал-Абадда Сот адилеттиги үйүн ачты

27 Теке 2023 15:02 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарында Сот адилеттиги үйүн ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабаралашты.

Маалыматка ылайык, Сот адилеттиги үйлөрү сот түзүмүндөгү реформалардын алкагында ачылып жатат, алардын негизги максаты – ар бир жарандын укуктарынын корголушу үчүн сапаттуу шарттарды түзүп берүү болуп саналат. Бир имаратта ар кандай инстанциядагы соттор жайгашат. Бул үчүн республиканын региондорунда ылайыктуу ири имараттар сот органдарына өткөрүлүп, алар мамлекеттик бюджеттин эсебинен оңдоп-түзөлүүдө.

2023-жылдын март айында Ысык-Көл облусунда Каракол шаарында алгачкы Сот адилеттиги үйү иштеп баштаган. Ал чек арачылардын эски казармасынын толугу менен оңдолгон имаратында ачылган. Жалал-Абад шаарындагы Сот адилеттиги үйү аянты 8640 чарчы метрлик мурдагы университеттин үч кабаттуу имаратында жайгашкан, 2022-жылы ал Жалал-Абад облустук сотунун балансына өткөрүлүп берилген.

Мамлекеттик бюджеттин эсебинен аталган обьектиге 40 миллион сомдон ашык каражат жана Президенттин резервдик фондунан кошумча 14 миллион сом жумшалып, тиешелүү реконструкциядан өттү. Бул каражаттарга имараттын реконструкциясынан тышкары сот отурумдары өтүүчү залдардын эмеректери толук жаңыланды, санариптик программалар судьялардын жана сот приставдарынын ишине интеграцияланды, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жана улгайган адамдардын сот органдарына кайрылуусу үчүн шарттар түзүлдү.
Азыркы учурда жаңы Сот адилеттиги үйүндө жети орган жайгашкан: Жалал-Абад облустук, Жалал-Абад шаардык, Жалал-Абад облусунун административдик соттору жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы жана анын кызматтык бөлүмдөрү.

Жети органды бир имаратка жайгаштыруу менен курьердик чыгымдар жоюлуп, бюджет каражаты кыйла үнөмдөлсө, жалпы жарандар үчүн “Бирдиктүү терезе” принцибиндеги шарт түзүлдү. Ошентип, орто эсеп менен алганда, Сот адилеттиги үйүнө бир күндө 350-400 жаран кирип, өтүнүч-арыздарын канааттандырып чыгуусу күтүлүүдө.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстанда көз карандысыз сот адилеттигинин тутуму орноп, жарандардын жана бизнестин укуктарын тийиштүү деңгээлде корголушу керектигин баса белгиледи.

“Биз менчиктин кол тийбестигине кепилдик беришибиз керек, соттук коргоо жеткиликтүү, ал эми сот системасы ачык-айкын болушу зарыл. Акыркы бир жарым жылда жүргүзүлүп жаткан бардык сот реформаларынын негизги максаты дал ушунда», — деди Садыр Жапаров.

Сөзүнүн аягында Мамлекет башчысы сот системасын реформалоо боюнча иш-чаралардын алкагында ротация болгон судьялар үчүн кызматтык үйлөрдүн курулушу аяктап, аймактык сот органдары үчүн заманбап жаңы объекттер курулуп, ошондой эле өлкө боюнча жаңы Сот адилеттиги үйлөрүн ачууга даярдык көрүлүп жатканын баса белгиледи.

Количество просмотров: 104