• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров жана Головченко кыргыз-белорус мамилелерин өнүктүрүүнү талкуулады

19 Жетинин айы 2021 15:53 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу иретинде Ереван шаарына (Армения Республикасы) жумушчу сапарынын алкагында Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуу алкагында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган ар кыл тармактардагы кыргыз-белорус мамилелерин өнүктүрүүнү талкуулады.

Акылбек Жапаров белгилегендей, Кыргыз Республикасы биздин өлкөлөр ортосундагы кеңири багыттар боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар. Атап айтканда, коммуналдык жана айыл чарба техникасын жеткирүү боюнча, ошондой эле өнөр жай кооперациясы тармагында кызматташууга кызыкдар.

«Биз Бишкек шаарын белорус автобустары менен камсыздоого кызыкдарбыз. Жакында Бишкек мэри Минск шаарында болду жана биз ага автобустарды алууга келишим түзүү укугун бердик. Биз белорус продукциясынын сапаттуулугун билебиз», — деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко Акылбек Жапаровду Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы кызматына дайындалышы менен куттуктап, эки өлкө ортосунда биргелешкен өндүрүштүк долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгын, жакында Ош шаарында ачылган трансформаторлордун өндүрүшүн белгиледи.

Белорус тарап кеңири чөйрөдөгү, анын ичинде энергетикалык тармак үчүн түзүлүштөрдү чыгарууга байланыштуу долбоорлоорду ишке берүүгө даярдыгын билдирди.

Роман Головченко билдиргендей, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Беларусь Республикасынын алдыңкы ЖОЖдорунда окутуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча гранттык орундар сунушталган.

Тараптар жакынкы мезгилде соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүүнү макулдашты.

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин башчысы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи жана Беларусь Республикасынын премьер-министрине биздин өлкөгө сапар менен келип кетүүнү сунуштады.

Количество просмотров: 134