• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров жеке маселелери боюнча жарандарды кабыл алды

29 Кулжа 2022 9:08 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш планына ылайык жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды. бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров алгач 1-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жаран Бишкек шаарынын тургуну Асипа Мусаеванын арыз-муңун укту.

“Убагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугун коргоп жүрсөм, азыр өзүмдүн укугумду коргоого муктажмын. Шылуундар менин абалымдан пайдаланып, батиримди тартып алышты. Соттук кароолор бир тараптуу чечилбей жатат. Талаш маселе Жогорку Сотко чейин барып, азыр башынан кайра териштирилүүдө. Турак жайымды кайтарууга аргасыз жардам сурап келдим” – деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы Асипа Мусаеванын арызынын негизинде жардам берүүнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тийиштүү структуралык бөлүмдөрүнө табыштап, Юстиция министрлиги аркылуу акысыз жактоочу менен камсыздоону дайындады. Мындан сырткары материалдык жардам берүү боюнча суранычын жана пенсия алуудагы айрым маселелерге көмөктөшүүнү тийиштүү кызматкерлерге тапшырды.

Андан ары, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” программасынын алкагында аткарылчу иштерге сунуш пикирлерин айтуу үчүн келген Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Асылбек Айдаралиевди кабыл алды. Өзүнүн демилгелерин айткан академик менен Акылбек Жапаров алдыдагы жумада тиешелүү министрликтердин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тийиштүү структуралык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин катышуусундагы жумушчу жыйында жолугарын билдирди.

Бийликтен жардам сурап, арызданып келгендердин катарында Бишкек шаарындагы С.Ибраимов атындагы агротехникалык коллеждин директору Астра Осмонова да болду. Ал окуу жайдын имарат маселесинен улам жаралган көйгөй боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасына жардам берүү өтүнүчү менен келген.

“Биз акыркы 30 жылдан бери К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин имаратында иштеп, студенттерди окутуп келебиз. Жакынкы мезгилден тартып 700дөн ашык жаштар билим алган коллежди университеттин жетекчилиги имараттан чыгаруу аракетин көрүүдө, ошондуктан өздүк имараты жок коллеж жабылуу коркунучунда турат. Кыргызстандагы эң алгачкы кесиптик окуу жайлардын биринин тагдыры эмне болот деген суроо менен жардам сурап келдик” – деп билдирди анын директору.

Акылбек Жапаров өз кезегинде жарандардын ар бир кайрылуулары дыккат каралып, тиешелүү көмөктөр берилерин айтып, коллеж айланасындагы маселени Билим берүү жана илим министри, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директору менен сүйлөшкөн соң чечүүгө аракет көрөрүн белгиледи.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин башчысы кабыл алууга жазылган республикалык ардагерлер кеңешинин төрагасы Токтогул Какчекеевдин маселесин укту. Ал Кыргыз Ресмпубликасынын согуштун, эмгектин, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана оруктагы эмгектенген ардагерлердин учурдагы иштерин жана көйгөйлөрүн айтып берди. Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын структуралык бөлүмдөрү тапшырма алды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров мындан сырткары жер маселеси боюнча Ош шаарынан келген Канышай Базарбаеванын дагы маселеси менен таанышты. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнөн трансформациялоо үчүн өкмөткө келген жердин документтери артка кайткарылганын айтып, жерге муктаж жарандардын маселесин чечүүдө көмөк берүүнү суранды.

“Президентибиз Садыр Нургожоевич менен биргеликте 32 миң гектар жерди элге деп мыйзамдаштырууга бердик. Калктын турак жайга муктаждыгын жана документке ээ болуу түйшүгүн жеңилдеттик. Сиздин документтерди карап чыгалы, баары мыйзамдуу болуш керек ” деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Количество просмотров: 105