• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жапаров ЖК депутаттары менен жолугат. Эмне тууралуу сөз болот?

21 Теке 2021 13:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-июлда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугат. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы тастыктады.

«Президент Жапаров эл өкүлдөрү менен учурдагы социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий маселелер боюнча пикир алмашат», — деп билдирди басма сөз катчы.

Буга чейин маалымат каражаттары, президент менен депутаттардын жолугушуусунда өткөн аптада бир катар талаш-талкуу, сын-дооматтан улам добушка коюлбай калган «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу» мыйзам долбоорго байланыштуу сөз боло турганын жазышкан.

Белгилей кетсек, “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” жаңы мыйзам долбоорун Садыр Жапаров сунуштаган. Ага ылайык 55 депутат партиялык тизме, 35 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Количество просмотров: 465