КБүгүн, 10-январда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровдун ордуна Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезексиз онлайн сессиясына катышты.
Ал Казакстандагы башаламандыкка тиешеси бар делген кыргызстандыктар тууралуу акыйкат иликтөө жүргүзүү керектигин айтты.
«Социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде кыргызстандыктардын Казакстандагы башаламандыкка тиешеси бар экени тууралуу маалыматтар чыгууда. Ар бир катталган учурга байланыштуу Казакстандын мыйзамдары менен эки жана көп тараптуу макулдашууларга ылайык акыйкат териштирүү жүрөт деген өтүнүч жана ишеним билдиребиз», -деди Жапаров.