• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жапаров: Жубайыма эмес, компанияга кылмыш иши козголгон

15 Бирдин айы 2022 16:10 Бишкек Govori.TV

Жубайыма эмес, компанияга кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйында билдирди.

«Аталган акционердик коомдо жубайымдын 2,5 пайыз үлүшү болгон. Ошол сөздөрдү тараткан киши далилдеп бере албай азыр катардагы жаран болуп жүрөт. Салыктан бир тыйын дагы карызы жок болчу. Ал компания 2009-2010-жылдары 200 миллион сом ссуда алган экен, анын баарын төлөп бүттү. Соцфонд боюнча карызы бар экен, азыр төлөп жатат. Мен 200 миллионун көргөн да, алган да эмесмин. 2010-жылы Азимбек Анаркулович текшертип чыккан. Ал каражатка кымбат техникаларды алган, бүгүнкү күндө алар күрөөдө турат. Жубайым 1 миллиард 200 млн сом салык төлөгөн. Өзүнүн ишканасын 4 жыл мурун жапты. Себеби контрабанда көбөйүп кеткен. Учурда келинчегим бак өстүрүү менен алек болуп жатат. Азыр бизден алыс эмес жерде отурган президенттердин бири текшертип карайм дегенде менин жубайым салык төлөгөндөрдүн биринчи сабында турганын көргөн», — деди ал.

Жапаров жеке өзүнө же жубайына эмес, компанияга кылмыш иши козголгонун кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын соңунда Финпол өкмөт башчынын жубайы Анара Жапаровага таандык компания салыктан качып мамлекетке 90 миллион сом зыян келтиргенин кабарлаган.

Количество просмотров: 263