• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жапаров жумушчу сапары менен Екатеринбургга келди

9 Теке 202414:17 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 9-июлда жумуш сапары менен Россиянын Екатеринбург шаарына келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Екатеринбург шаарында минкаб башчысы Акылбек Жапаров РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен бирге «Технологиялык өнөктөштүк: эл аралык бизнестин чордону» темасында ИННОПРОМ-2024 негизги стратегиялык сессиясына жана көргөзмөсүнө катышат.

Андан ары минкаб башчысы Красноярк шаарына барып, соода-экономикалык, илимий-техникалык жаа гуманитардык кызматташтык боюнча Кыргызстан-Россия өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумуна жана Кыргызстан-Россия региондор аралык 11-конференциясына катышаары күтүлүүдө.

Количество просмотров: 94