• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жапаровду актап, түрмөдөн бошотууну талап кылган тарапташтары кол чогултуп жатышат

4 Тогуздун айы 2019 17:35 Бишкек Govori.TV

Камакта отурган саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары аны актап, түрмөдөн бошотууну талап кылып кол чогултуп жатышат. Саясатчынын жактоочусу Шарабидин Токтосуновдун айтымында, учурда Кыргызстандын ичинде жана чет өлкөдөгү кыргызстандыктардан баш-аягы 10 миңге жакын кол топтолду.

— Республиканын бардык аймактарынан карапайым адамдар телефон чалып «Садыр Жапаров эмне үчүн эркиндикке чыгарылбай жатат?» деп тынчсызданышууда. Алар «митингге чыгабыз» дегенинен аны токтотуп койсок кол чогулта башташты, — деди Токтосунов. Ал мындан тышкары жер-жерлерде Жапаровду колдоп, штабдар түзүлүп жатканын кошумчалады.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде, 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген. 

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 305