Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиевди Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) суракка алып кетишти. Бул тууралуу Reporter.kg агенттиги жазды.
“Эки саат мурун атайын кызматтын кызматкерлери үйгө келип алып кетишти. Биз азыр УКМКнын имаратынын алдында күтүп жатабыз. Биз бул жерде туруп, атайын кызматтын өкүлдөрү башка да бир топ адамдарды алып келип жаткандарына күбө болуудабыз”, – деп билдирген Осмоналиевдин жакындары.
Белгилей кетсек, Каныбек Осмоналиев бүгүн Бишкекте Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митингдин уюштуруучуларынын бири болчу.
Митингдин соңунда акциянын катышуучулары Ак Үйгө карай бет алганда милиция көздөн жаш чыгаруучу, кулак тундуруучу куралдарды колдонуп жана суу менен аткылап элди аянттан сүрүп чыгарды.