«Азаттыктын» кабарчысы Өкмөт үйүнүн алдындагы митингди чагылдырып жатканда митингчилер анын ишине тоскоолдук жаратышты. 9-октябрда Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрүп жатышкан. Ага катышкан адамдар Жапаровдун бийлигин мыйзамдуу деп таанууну талап кылып жатышкан.
Видеодо белгисиз адамдар «Азаттыктын» кабарчысына келип: «Садыр Жапаров деп тема кой, «Азаттык» туура эмес чагылдырууда» — деп жатканын көрсө болот.
Натыйжада кабарчы өз ишин токтотуп, митингден кетти.