• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Жапаровду колдоо митингинде журналисттер коркутууга дуушар болушту

10 Тогуздун айы 202014:42 Бишкек Govori.TV

Өкмөт үйүнүн алдындагы Эски аянтта ушу тапта саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери митинг өткөрүп жатышат. Алар Жапаровду колдой турганын айтып, Жогорку Кеңешти сындап, парламентке партия аркылуу шайлоо системасын жоюу керектиги тууралуу ойлорун билдиришүүдө.

Митинг учурунда айрым адамдар тарабынан журналисттер коркутууга кабылышканынын айтып чыгышты.

Ал арада «Спутник» маалымат агенттиги белгисиз адамдар тарабынан коркутуу болгонун кабарлады. Анда, 30дай адам редакциянын имаратына келип, Өкмөт үйүнүн алдында болуп жаткан Садыр Жапаровду колдоо акциясын чагылдыруу үчүн кабарчы жиберүүсүн талап кылышкан.

Социалдык тармактарда «Азаттык» радиосуна жана бир катар маалымат каражаттарына да коркутуулар болгону айтылып жатат.

Ал эми коомчулукта журналисттерди менен репортерлорду коргоп калууга чакырып жатышат.

«КРнын репортерлору жана журналисттеринин аракетинен улам биз өлкөдө орун алып жаткан окуяларды байкап жатабыз. ММКлар маалымдоодо маанилүү роль ойноп, өлкөдө туруксуздукту болтурбоодо жардам берип келишет», — деп жазылат Интерньс тараткан кайрылууда.

Количество просмотров: 231