Бишкек.26.08.2019.Govori.TV.
Мурдагы депутат Садыр Жапаровдун уулу кабылган кырсык боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
«Ал трасса менен жогору жакты көздөй кетип баратып Toyota Matrix менен кагышкан. Андан ары ыргып кетип Lexus унаасын сүзгөн. Кырсык болгон жерде 20 жаштагы кыз да жабыркаган. Жаракат алган кыз Чүй облустук ооруканага жеткирилсе, мотоциклчен жигит Бишкек шаарындагы №4 ооруканага түшкөн. Кырсык болгон жерге Аламүдүн РИИБдин ыкчам тобу барып териштирип, унаалар айып короого токтотулган”,-деди басма сөз кызматы.
Эске сала кетсек, бүгүн, 26-августта, камактагы Садыр Жапаровдун уулу Дастандын көз жумганы белгилүү болгон.