• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Жапаровдун баласы же иниси эмессиңби?» деп сурашат. Президентке окшош жигит ким?

24 Бирдин айы 2021 18:15 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго окшош адамдын сүрөтү интернет айдыңына тарады.

Маалыматка ылайык, сүрөттөгү Жапаровго куюп койгондой окшош Аскар 28 жашта. Улуту казак. Коллаж сүрөттү Аскардын карындашы жасап койгон. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берген.

«Өзүм казакстандыкмын. Казакстандын Тараз шаарында төрөлүп-өскөм. Кийин Кыргызстанга медициналык окуу жайга тапшырып, бул жакта окуп калдым. Университетте жүргөндө бирге окугандар белгилүү саясатчыга окшоштурушчу. Өзүм саясат менен деле ишим жок, эч кимди тааныбайм, этибар деле алган эмесмин. Андан кийин ал киши тууралуу интернеттен окуп билип, тааныгам. Бир ирет паркта эс алып жүрсөм улуураак бир байке мени көзүн албай карады. Ары өтүп, бери өтүп карап жатканын сездим. Бир маалда жаныма басып келип «Ай балам, сен Садыр Жапаровдун баласы же туугандары эмессиңби» деп сурады. «Жок» десем, «аябай окшош экенсиң» деп кеткен эле. Чыдабагандар «Жапаровдун баласы же иниси эмессиңби?» деп сурап жиберишет»,-деп билдирген ал.

Булак: Sputnik Кыргызстан

Количество просмотров: 2444