• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Жапаровдун сотунда адвокаттар төрагалык кылган судья Лепес Темирбековго ишенбөөчүлүк көрсөттү

23 Чын куран 201910:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.04.2019.Govori.TV.

Жогорку сотто экс-депутат Садыр Жапаровдун иши карала баштады. Отурумдун башталышында саясатчынын адвокаты Шарабадин Токтосунов сотту акыйкат болууга чакырды.

Мындан кийин адвокаттар КРнын жарандык кодексинин 65-статьясынынын талаптарына ылайык, соттун курамына, төрагалык кылган судьяга Лепес Темирбековго ишенбөөчүлүк көрсөттү. Мурдагы ишти да ушул курам караган.

«Сиз ишти баштабай туруп, мыйзамдын талаптарын бузуудан баштадыңыз. Биринчи соттун курамы жарыяланып туруп, андан кийин өтүнүчтөргө өтөт. Биз айтканадан кийин гана өз катаңызды ондоп кетип жатасыз”,-деп нараазычылыгын билдирди адвокат.

Белгилей кетсек соттук отурумга С. Жапаров өзү алынып келинген жок.

Количество просмотров: 30