• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

11 Бирдин айы 2024 11:56 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады.

Жапаров Түркиянын борбору Анкара шаарына 9-февралда барган. Аны «Эсенбога» эл аралык аэропортунан Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз тосуп алган.

Сапардын алкагында Түркия мамлекеттик негиздөөчүсү жана биринчи президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн «Аныткабыр» мавзолейине барып, гүлчамбар койду. Меймандар китебине кол тамгасын калтырып, мавзолейди кыдырып чыкты.

Андан кийин кыргыз-түрк ишкерлер форумуна катышты. Форумдун алкагында Чүй, Баткен облустарында экономикалык өндүрүш аймактарын куруу боюнча келишим түзүлдү.

Анкарада соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйыны өттү. Ага катышуу үчүн барган Акылбек Жапаровду Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз Ардак кароолдун коштоосунда салтанаттуу тосуп алды.

Жыйында экономика, инвестиция, энергетика, өнөр жай, айыл чарба, транспорт, туризм, саламаттык сактоо, маданият, билим берүү жана башка багыттар боюнча кызматташуу маселелери каралды. Отурумдун жыйынтыгында 62 пунктудан турган комиссиянын жыйынынын протоколуна, унаа жолдору боюнча макулдашууга, экспорт тармагында меморандумга кол коюлду.

Кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйынын Кыргызстанда өткөрүү макулдашылды. Жыйында каралган маселелер боюнча Акылбек Жапаров менен Жевдет Йылмаз журналисттерге маалымат беришти.

Отурумдан кийин Акылбек Жапаров бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, бир катар ишканаларды көрүп чыкты.

Алсак, ОСТИМ биргелешкен өнөр жай аймагынын башкаруучу кеңешинин директору Орхан Айдын менен кеңири форматта баарлашты. Ошондой эле ОСТИМ кесиптик-техникалык окуу жайына барып, энергетика жана IT-технология тармактарында адистерди биргеликте даярдоону сунуштады.

Андан тышкары электрондук коммерция боюнча Trendyol логистикалык борбору менен таанышты. Акылбек Жапаров Бишкек шаарына, Чүй облусуна бул компаниянын өкүлчүлүгүн ачуу маселесин карап көрүүнү Экономика жана коммерция министрлигине тапшырды.

Аны менен катар Battal Holding фармацевтикалык компаниясына барып, жетекчиси Мехмет Берат Баттал менен сүйлөшүү өткөрдү. Анда Мехмет Берат Баттал Кыргызстандын аймагында компаниянын заводун ачууга, Кыргызстан аркылуу коңшу мамлекеттерге экспортко чыгууга даяр экенин билдирди.

Акылбек Жапаров компания жетекчилигин Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. Сүйлөшүүлөрдүн алкагында Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Түрк фармацевтика жана сыворотка өнөр жай акционердик коому кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Количество просмотров: 99