• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Жапаровдун тарапташтары Атамбаев, Бабанов баштаган топту аянттан сүрүп чыгарышты

9 Тогуздун айы 2020 18:10 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Ала-Тоо аянтына Атамбаев, Бабанов баштаган саясатчылар чогулган митингде тараптар ортосунда пикир келишпестиктер орун алды. Митингде Алмазбек Атамбаев сүйлөп жаткан учурда эл арасына Садыр Жапаровдун тарапташтары кирип барып анын сөзүн жарууга аракет кылышты.

Эки тараптын колдоочуларынын ортосунда бөтөлкө, таш ыргытуулар болуп, Атамбаев жана Бановдун тарапташтары Ак үй тарапка кетүүгө аргасыз болушту. Учурда аянтты Садыр Жапаровду жактагандар ээлеп алышты.

Количество просмотров: 644