• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

 Жапаровдун жактоочусу болгон Акин Токталиев шайлоого катышат

24 Чын куран 2023 13:17 Бишкек Govori.TV

24-апрелде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2023-жылдын 28-майында өтүүчү № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө талапкер Токталиев Акин Усубалиевичтен (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) арыз келип түштү.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде (кошуп алганда) аяктайт.

Белгилей кетсек, кайра шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт. Аталган округдан шайланып келген ЖК депутаты Жаныбек Абиров кафедеги мушташтан улам депутаттык мандатын өз арызы менен тапшырып берген.

Теги:
Количество просмотров: 66