Бүгүн борбор калаада Бишкек баатырдын эстелиги орнотулду. Социалдык тармактын колдонуучулары айкелдин турпатына ар кандай пикирлерди жазышууда.
Баатырдын эстелигин айрымдары президент Садыр Жапаровго окшоштурушса, кээ бири Лениндин түспөлүнө салыштырды.
Мындан сырткары Бишкек баатырдын куруу белгилүү Тойота маркасынын эмблемасына куюп койгондой окшош экенин жазышып жатышат.
Белгилей кетсек, Бишкек баатырдын эстелиги «Бишкек башкы архитектура» ишканасы 2019-жылы өткөргөн мыкты долбоор ачык сынагынын жеңүүчүсү скульптор Адил Сейталиевдин эмгеги.