• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Жапыкеев: Пандемия боюнча биз мурдагы премьер-министрлерди, вице-премьерлерди жана министрлерди суракка чакырабыз

12 Үчтүн айы 2021 14:37 Бишкек Govori.TV

«Пандемияга кимдер тиешеси бар? Абылгазиев, Боронов, Өмүрбекова. Алардын бардыгы жооп беришет, биз баарын аягына чейин жеткиребиз», — деген пикирин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын башчысы Сыймык Жапыкеев бүгүн, 12-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Эске салсак, учурда экс-премьер-министр Кубатбек Боронов сурак берип жатат.

Жапыкеевдин айтымында, пандемия учурунда 1000ден ашуун адам каза болду, бул үчүн бирөө жооп бериши керек.

«Биз бул үчүн күнөөлүү болгондордун бардыгын суракка чакырабыз. Эч ким секирип кетпейт», — деди ал.

Ал кошумчалагандай, бүгүн биринчи жолу Боронов суракка келди. Экс-премьер-министрлер, социалдык блокту башкарган мурдагы вице-премьер-министрлер жана эки экс-министр, атап айтканда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Каржы министрлигинин жетекчилери дагы чакырылат.

Количество просмотров: 539