Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган «Чоң казат» партиясынан талапкер Сыймык Жапыкеев добушун берүүгө барып, чыр салды. Ага шайлоо участогу болгон мектепте президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөтүн илинип турганы жаккан эмес.
Интернетте тараган видеодо Жапыкеев нааразы болуп, кыйкырып, мектеп директоруна жана мугалимдерге карата сөз сүйлөп жатканын көрүүгө болот.